Путин Кыргызстанга майда келеби? Элчиликтин жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин посетил международный детский центр "Артек"
Президент РФ В. Путин посетил международный детский центр Артек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ өлкө башчынын инаугурациядан кийин келерин маалымдаган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФ президенти Владимир Путин инаугурациядан кийин дароо Бишкекке келет деген Ички иштер министрлигинин маалыматын четке какты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков алгач Россияга, андан соң Кытайга барат
Буга чейин РФтин КРдеги элчиси Андрей Крутько менен ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асанов жолуккан. Анда элчи Путин инаугурациядан (7-май) соң Кыргызстанга келерин айтты деп кабарланган. Маалыматта ал расмий иш сапар экени белгиленген.

Элчиликтен Россиянын дипломатиялык өкүлү расмий да, жумушчу да иш сапарлар мурдатан келе жаткан тажрыйба экенин айткандыгын түшүндүрүштү.

Крутько иш сапар болорун, бирок ал жумушчу тартипте талкууланып жатканын айткан. Путиндин Кыргызстанга май айында иш сапары пландалган эмес.

Эскерте кетсек, май айынын ортосунда КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Россияга сапары белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0