Абдил Сегизбаевдин ордуна Идрис Кадыркулов сунушталууда

Жазылуу
УКМКнын төрагасынын орду эки жумадан бери бош турат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигине Идрис Кадыркулов сунушталууда. Анын фамилиясы бүгүн премьер-министр парламентке сунуштаган өкмөттүн тизмесинде белгиленген.

Первый вице-премьер-министр Абулгазиев Мухамметкалый - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн жарымынан көбү өзгөрөт. Абулгазиев жаңы министрлерди сунуштады
Кадыркулов бул кызматка чейин УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарды талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп иштеп келген. Андан мурда КМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болгон.

УКМКнын төрагасынын орду эки жумадан бери бош турат. Буга чейин президент Жээнбеков өзүнүн Жарлыгы менен Абдил Сегизбаевди бул кызматтан алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0