Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алды. Ушуну менен өкмөт башчынын милдетин аткаргандарды эсепке албаганда 21-премьер-министр кетип жатат.

Исаков кыргыз өкмөтүнүн башына 2017-жылдын 25-августунда дайындалып, бул кызматты 8 ай аркалады.

Чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынбай алмашкан вице-премьерлер. Эмнеге, кантип жана качан?
Кыргызстандын тарыхында 1991-жылдан тарта өкмөттү 21 премьер-министр жетектеди. Алардын арасында эки ирет өкмөт башчылык тизгинди кармагандар болгон. Кызыгы, алар кийин Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Министрлер кабинетин алды беш жыл, арты бир ай жетектеген. Эки премьер-министр жалындап иштеп турган кезинде бирөө жол кырсыгынан, экинчиси оорудан көз жумган. Учурда төрт экс-премьер министрине кылмыш иши козголуп, чет өлкөдөн Кыргызстанга келбей жүрөт. Алардын арасында Интерпол аркылуу издөөгө алынгандар бар.

Булардан сырткары сегиз аткаминер, анын ичинен бир аял киши Роза Отунбаева премьер-министрдин милдетин аткарып турган. Буларды кошкондо Кыргызстандын өкмөт башчылык тизгини 29 адамга берилген.

Sputnik Кыргызстан мурдагы премьер-министрлер азыр кайда, эмне иш менен алек кылып жаткандыгын тизмектеп көрдү.

Насирдин Исанов — Кыргызстандын тунгуч премьер-министрлигине 1991-жыл, 21-январында дайындалган. Тунгуч өкмөт башчы кызматка тургандан 10 ай өтпөй жол кырсыктан 49 жашында каза тапкан

© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов
К дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Исанов

Турсунбек Чыңгышев — Кыргызстандын 2-премьер-министри. 1992-жылы 10-февралда дайындалып туруп, бир жыл он ай иштеген. Учурда эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебейт, пенсияда. 76 жашта. 

Апас Жумагулов — Кыргызстандын 3-премьер-министрлигине 1993-жылдын 14-декабрында дайындалып, 5 жыл үч ай иштеген. Андан кийин элчилик кызматтарды аркалап, 2007-жылы КРдин Россиядагы элчилиги менен мамлекеттик кызматтагы доору аяктаган. Өзү менен байланышканыбызда Россияда курулуш боюнча долбоорлордун жетекчи-консультанты болуп жүрүп, 2017-жылы Кыргызстанга келип, учурда инвестиция тартуу боюнча иштеп жүргөнүн айтты. 84 жашта.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАпас Жумагулов
Премьер-министр Кыргызстана Апас Джумагулов - Sputnik Кыргызстан
Апас Жумагулов

Кубанычбек Жумалиев — Кыргызстандын 4-премьери, 1998-жылдын 14-мартынан тарта бул кызматта 9 ай отурган. Учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир бол" фракциясынан депутат болуп отурат. 62 жашта. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Жумалиев
Депутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Жумалиев

Жумабек Ибраимов Кыргызстандын тарыхында 5-өкмөт башчы болуп 1998-жылдын 25-декабрында дайындалып, төрт айдан кийин өрт-жалын болуп иштеп жатып, мурдатан тооруган дарттан улам 55 жашында көз жумган. 

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүЖумабек Ибраимов
Премьер-министр КР Джумабек Ибрагимов - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Ибраимов

Амангелди Муралиев — Кыргызстандын 6-премьерлигине 1999-жылдын 12-апрелинде дайындалып, бир жыл сегиз ай иштеген. Андан кийин саясатка, мамлекеттик кызматтарга аралашып жүргөн. Учурда Разаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы. Андан сырткары жогорку окуу жайларда лекция окуйт. 71 жашта.

© AFP / KAZUHIRO NOGIАмангелди Муралиев
Государственный деятель, экс-премьер-министр КР Амангелди Муралиев - Sputnik Кыргызстан
Амангелди Муралиев

Курманбек Бакиевге Кыргызстанда премьерлик тизгин эки ирет тийип, өлкөнүн 7-жана 9-өкмөт башчысы болгон. Биринчи жолу 2000-жылдын 21-декабрынан тарта 1,5 жыл министрлер кабинетин жетектеген. Ал эми экинчи ирет 2005-жылдын 25-мартынан тарта үч айга чукул иштеген. Президенттик тактысы Бакиевдин тагдырын таптакыр башкача жакка өзгөртүп, элдик толкундоолордон, адамдардын өлүмүнөн кийин Белоруссиядан баш паанек издеп, качып кеткен. Учурда 69 жашта. 

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев
И.о. президента Кыргызстана, премьер-министр КР Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев

8. Николай Танаев 8-премьер кыргыз өкмөтүн 2002-жылдын 22-майынан 2005-жылдын 25-мартына чейин башкарган. Акаевдин бийлиги учурундагы акыркы өкмөт башчы Танаев "Кумтөр" келишими боюнча коррупцияга айыпталып, ага эки ирет издөө жарыяланган. Учурда чет өлкөдө жашайт. 73 жашта. 

© AP Photo / AZAMAT IMANALIEVНиколай Танаев
Экс-премьер-министр КР Николай Танаев - Sputnik Кыргызстан
Николай Танаев

Феликс Кулов 10-өкмөт башчы болуп, 2005-жылдын 15-августунда дайындалып, бир жыл беш айдан кийин кызматтан кеткен. Кийин ЖКда депутат болгон. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт, бирок өзү түптөгөн "Ар намыс" саясий партиясынын ишин алып барып, эрмек кылат. Быйыл күздө 70ке толот.

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүФеликс Кулов
Экс-глава кабинета министров Кыргызстана Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
Феликс Кулов

10. Кыргызстандын тарыхында өкмөт башын бир ай гана турган премьер-министрлер да болгон. Ал өлкөнүн 11-өкмөт башчысы Азим Исабеков эле. Андан кийин "Бишкек" эркин экономикалык аймагында директорлукту эки жылдай аркалады. Учурда ата-энесинин үлүш жерин иштетип, айыл чарбачылыгы менен алектенип жүргөндүгүн айтты. 58 жашта.

© Фото / из архива семьи ИсабековыхАзим Исабеков
Экс-премьер-министр Азимбек Исабеков (29 января 2007 — 29 марта 2007) - Sputnik Кыргызстан
Азим Исабеков

11. Кыргыз мамлекетинин тарыхында эки ирет, 12-жана 14-премьер-министр болгондордун бири — Алмазбек Атамбаев. Алгач 2007-жылдын 29-мартынан 28-ноябрга чейин министрлер кабинетин башкарган. Экинчи жолу 2010-жылдын декабрынан баштап 12 ай премьер болгон. Кийин президенттикке шайланып, мамлекетти алты жыл башкарып, мөөнөтү аяктады. Учурда өзү түптөгөн КСДПнын төрагасы. 62 жашта. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Алмазбек Атамбаев
Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев

Игорь Чудиновдун тагдырына Кыргызстандын 12-өкмөт башчысы болуу шыбагасы буюрган. Ал 2007-жылдын 24-декабрынан тарта үч жылга чукул иштеген. Андан соң мамлекеттик кызматта иштеп, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин, ага кылмыш иши козголгон. Учурда ЖКнын VI чакырылышына "Бир бол" фракциясынан депутат болуп отурат. 57 жашта. 

15-премьер-министр Данияр Усенов 2009-жылдын 21-декабрында кызматка келсе, 2010-жылдагы апрель ыңкылабы аны төрт айдан кийин алып түшкөн. Бизнестен депутаттыкка, андан кийин мамлекеттик кызматтарга келген Усеновго Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр. 7-апрель окуялары боюнча сыртынан соттолгон. Учурда чет өлкөдө. 58 жашта. 

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүДанияр Усенов
Экс-глава кыргызстанского кабмина Данияр Токтогулович Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Усенов

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын 16-өкмөт башчысы 2011-жылдын 1-декабрынан тарта 9 ай иштеди. Андан соң парламенттик шайлоодо "Республика" партиясын жетектеп, ЖКнын VI чакырылышына депутат болуп келди. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 33,8 пайыз добушун алган. Үгүт иштеринде туура эмес сүйлөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, депутаттык мандатынан кол жууган. Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда чет өлкөдө жүрөт. 48 жашта. 

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Бабанов
Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов

Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү 17-премьер министр болуп, бул кызматта 2012-жылдын 5-сентябрынан тарта бир жыл жети ай турду. Өкмөт башчылыктан кийин саясий кызматтан көрүнгөн жок. Учурда Бишкек шаарындагы банктардын биринде эмгектенээрин айтты. 62 жашта. 

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖантөрө Сатыбалдиев
Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев

Жоомарт Оторбаевге Кыргызстандын 18-өкмөт башчысы болуу энчиси туш келет. 2014-жылдын 4-апрелинен тарта эсептегенде бир жыл иштеген соң отставкага кеткен. Учурда эл аралык уюмдар менен кызматташат. 63 жашта. 

Темир Сариев өлкөнүн 19-премьер-министрлик кызматына 2015-жылдын 1-майында бекип, бирок болгону 11 ай иштеген. 11-апрелде Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан арызын жазып, отставкага кеткен. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 2,57 пайыз добушка ээ болгон. Учурда мамлекеттик кызматта эмес, жеке иштери, бизнеси менен алек. 

Кыргызстандын 20-премьер-министри Сооронбай Жээнбеков болуп, бир жыл төрт ай иштеп, андан соң президенттик шайлоого талапкер болгону үчүн кызматын тапшырды. Учурда Кыргызстандын президенти. 60 жашта. 

Сапар Исаков өлкөнүн 21-өкмөт башчылыгына 2017-жылдын 25-августунда дайындалып, 2018-жылдын 19-апрелинде кызматынан четтетилди. 41 жашта. 

Мурдагы премьер-министр жана президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайра кайтары туурасында социалдык медиада кеп жүрүүдө. Мурдагы президенттин өлкөнүн эң жогорку кызматтарынын бирин ээлей тургандыгы канчалык мүмкүн экендигин Sputnik Кыргызстандын редакциясы серепчилерден сурап билди.

Жаңылыктар түрмөгү
0