Сапар Исаков ЖК төрагасына кат жолдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Алмазбека Атамбаева с торага ЖК Дастанбеком Джумабековым
Встреча президента КР Алмазбека Атамбаева с торага ЖК Дастанбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар 102 добуш менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Сапар Исаков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кат жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Катта ЖК депутаттарынын алдында сөз сүйлөө өтүнүчү келтирилген.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгон

Ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Бирок депутаттар күн тартибиндеги маселелерди карап жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0