Исаков: Кытай элчиси ТЭЦтин оңдолушу боюнча сын пикирге катуу жооп берди

Жазылуу
Модернизациялоо иштерин кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырып, Кытай мамлекети 386 миллион доллар өлчөмүндө насыя бөлүп берген.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кытайдын элчиси Кыргызстандагы Бишкек ТЭЦинин оңдолушуна айтылып жаткан сын пикирлерге нааразы болду. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку кеңеште билдирди.

Строительная площадка в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү
Эскерте кетсек, 17-апрель күнү парламенттик оппозиция болгон "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары Сапар Исаков башында турган өкмөттүн 2017-жыл ичинде жасаган иши боюнча отчетун угууда.

Депутаттардын бири модернизацияланган жылуулук борборундагы авария тууралуу кеп козгоду.

"386 миллион долларга ТЭЦ толугу менен оңдолду. Жакында эле Кытайдын элчиси биздин тышкы иштер министрибизге "эмне себептен парламентте долбоор сынга кабылууда?" деген нааразычылыгын билдирди", — деди Исаков.

ТЭЦтеги 26-январда болгон авария катуу суукка туш келген.

Өкмөттүн отчетун депутаттар кантип угуп жатканын биздин тексттик трансляциядан окуп билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0