Өзүм билем! Сапар Исаков менен Бакыт Төрөбаев кер-мур айтыша кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Бакыт Төрөбаев. Архив
ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр менен депутат Кулматовдуна айынан айтышып кетти

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов март айында "Ош" бажысынан түшкөн кирешенин азайып кеткенин айтып, буга ишкерлердин ишти үзгүлтүккө учуратуу аракети себепчи болгонун айтты.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Республика — Ата-Журт Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Депутат: мамлекеттик ишканалар миллиондогон акчаны каякка жумшайт?
Бүгүн, 17-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары биргелешкен жыйынында өкмөттүн 2017-жылда жасаган иштери боюнча отчетун угуп жатат.

Парламентарийлер Кулматовго "Ош" бажысынан түшкөн киреше буга чейин беш эсе көбөйгөнүн айтып, бул тенденция азыр да уланып жатабы деген суроо узатты.

"Быйылкы жылдын январь-февралында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өскөнү менен мартта түшүп кетти. Түштүккө жүк жүктөлгөн автонуаалар келбей калды, бул менимче, ишти үзгүлтүккө учуратуу аракети", — деди Бажы кызматынын жетекчиси.

Кулматов депуттарга жооп берип жатып, ишкерлерди күнөөлөгөн.

Жыйынга төрагалык кылып жаткан Бакыт Төрөбаев эгер жагдай мындай болсо, аны саботаж деп баалоого болбойт деген пикирин айтты.

Премьер-министр Исаков "Кулматов азырынча көп нерсени ачык айтпай жатканын" белгилеп, тагыраак маалымат "учуру келгенде жарыяланарын" кошумчалады. Бул сөздү уккан Төрөбаев чыртылдап кетти.

ГЭСтен суу агызуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө сууну үч тыйындан болсо да сатуу сунушталды
"Сиз жакында эле маек бергенде Тогуз-Тордогу окуялардын артында саясатчылар турарын айтып, аны да кийинчерээк айтам дегенсиз. Жаңыдан премьер-министр болуп жатканда "соцтармактагы сиз тууралуу маалыматтардын кимдин колунан келгендигин билериңизди, аны кечирээк айтаарыңызды" белгилегенсиз. Азыр бажы боюнча маселеде да ушинтип жатасыз. Маалыматыңыз болсо айта бербейсизби, эмнеге созуп атасыз", — деди фракция лидери.

Ага премьер Исаков төмөнкүчө жооп берди.

"Ал менин укугум. Качан айтарымды өзүм билем", — деди өкмөт башчы.

Төрөбаев "андай болсо саясатчылардын тиешеси бар дебеңиз" деген эскертүүсүнө премьер "азыр өлкөдөгүлөрдүн баары саясатташып кеткен" деп жооп берди.

Sputnik Кыргызстан Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өкмөттүн 2017-жылда жасаган иштери боюнча отчетун түз алып берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0