Президент Жээнбеков алгач Россияга, андан соң Кытайга барат

Жазылуу
Иш сапарлар май жана июнь айына бергиленгени менен так убактысы айтыла элек.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Россия жана Кытайга барууга ниетенип жатканын президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковго таянып Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент менен премьер бир катар жетекчилерди дайындады
Сыдыковдун айтымында, иш сапардын так убактысы азырынча белгисиз, бирок алдын ала маалыматтар боюнча президент Россияга май айында, Кытайга июнь айында бармакчы.

Белгилей кетсек, июнь айында Синдяо шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити болмокчу.

Эске салсак, өткөн аптада Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түкия жана Брюсселге барып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0