Исаков өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин эки орун басарын дайындады

Жазылуу
Премьер-министр буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына Болот Сүйүмбаевди дайындоо боюнча буйрукка кол койгон.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков эки адамды кызматка дайындоо боюнча буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчисинин экс-орун басары Болот Сүйүмбаев Финполдун башына барды
Азамат Араев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, жана өкмөттүн Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Айбек Айдарбеков өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Исаков бүгүн эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына Болот Сүйүмбаевди дайындоо боюнча буйрукка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0