Жолдубаева менен Сегизбаев өлкөдөн чыгып кеттиби? Укук коргоо органдары эмне дейт

© Фото / секретариат СДПКЭкс-башкы прокурор Индира Жолдубаева. Архив
Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары сот процесстери, камактагы кармоо шарттары тууралуу маалымат беришти

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаев Кыргызстанда. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Жолдубаева менен Сегизбаевдин өлкө аймагынан чыгып кеткени боюнча билдирүүлөр тараган болчу. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Индира Жолдубаева эч жакка кетпегенин жана өлкө аймагында экенин айтса, Абдил Сегизбаевдин да Кыргызстанда экенин укук коргоо органдары тастыкташты.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Ал арада бүгүн камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары Жолдубаева менен Сегизбаевдин өлкөдөн чыгып кетпешин көзөмөлдөөнү сунушташты. Алар Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Жанарбек Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев, Алтынай Өмүрбекова, Исланбек Сарсейитов, Алмамбет Шыкмаматов менен жолугушкан. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиев жолугушууда айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин баары жаңы башкы прокурорго берилерин белгиледи.

Камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары сот процесстери, азыркы тапта камактагы кармоо шарттары тууралуу маалымат беришти.

"Ошону менен катар алар эл өкүлдөрүнөн экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин республика аймагынан чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү", — деп айтылат маалыматта.

Экс-башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты
Мындан тышкары, алар жана орун басарлары тарабынан кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик маселесин кароо зарылдыгы айтылып, соттун чечимдерин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Эл өкүлдөрү мындай депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна киргизиле тургандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев 7-апрелде кызматтан алынган. Ал эми Жогорку Кеңеш 11-апрелдеги жалпы жыйынында Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президенттин сунуштамасын колдоп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0