Анкарада Жээнбеков менен Эрдоган тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат

АНКАРА, 9-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы президенттик сарайда жолугушуу өткөрүп жатат. 

Түркия Сооронбай Жээнбековду кандай тосуп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Түркия Сооронбай Жээнбековду кандай тосуп алды. Видео
Мамлекет башчынын кортежин атчандардын ардак кароолу президенттик сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн гимни жаңырып, ардак кароолдун кошууну тизилип турду. 

Учурда Жээнбеков менен Эрдоган тар чөйрөдөгү жолугушууларын өткөрүп жатат. Андан кийин кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында журналисттерге билдирүү жасашат. 

Ошондой эле техникалык көзөмөл жана стандартташтыруу, спорт, айыл чарба, инвестиция, социалдык колдоо, басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу боюнча алты документке кол коюлат. 

Буга чейин мамлекет башчы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0