14:42 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк же кландык башкарууга жол бербейм

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
51611

Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жээнбеков өз сөзүндө 7-апрелде курман болгондор эскерилип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашы, эркиндиктин салтанаты майрамдала турганын айтты. Андан сырткары, 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя болгонун белгиледи.

Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
    Жээнбеков өз сөзүндө 7-апрелде курман болгондор эскерилип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашы, эркиндиктин салтанаты майрамдала турганын айтты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
    Андан сырткары, 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя болгонун белгиледи.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
    Президент ошондой эле кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпай турганын айтты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
    Жолугушуунун соңунда жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун жакындары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот", — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун соңунда жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды.

Тема боюнча

Жээнбеков Абдил Сегизбаевге коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты
Белгилер:
Апрель окуялары, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ