Кыргызстан Россиянын Скрипалдын ууланышы боюнча билдирүүсүн колдоду

© REUTERS / PETER NICHOLLSОтравление экс-офицера ГРУ Сергея Скрипаля в Британии
Отравление экс-офицера ГРУ Сергея Скрипаля в Британии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен чогуу билдирүүнү колдогон 14 мамлекеттин жетөө мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиянын Нидерланддар мамлекетиндеги элчилиги Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын уулануусун изилдеп жаткан Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга карата Россиянын бирдиктүү билдирүүсүн колдогон мамлекеттерди атады.

Элчилик билдирүүнү колдоого алган мамлекеттердин желектеринин тизмесин Twitter социалдык тармагындагы расмий баракчасына жарыялаган. Анда Россиядан башка Иран, Венесуэла, Куба, Сирия, Пакистан жана Никарагуа бар. Калган жети өлкө мурдагы Советтер Союзунун курамындагы — Белоруссия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан.

​4-апрелде Россия Кытай жана Иран менен бирге "Улуу Британиянын Россияга койгон бардык айыптарын бирге иликтөөнү" сунуштап, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга керектүү кадамдарды жасоону тапшыруу керектигин айткан.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга 41 мамлекет мүчө. Аталган маселе боюнча чечим мүчөлөрдүн үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Бирок Россиянын демилгеси тийиштүү добушка ээ болбой, колдоого алынган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0