21:26 10 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
248710

Буга чейин фракциядагы депутаттар Жыргалбек Турускуловду лидерликке шайлашкан болчу

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясына жаңы лидер болуп шайланган Жыргалбек Турускулов мурдагы жетекчи Руслан Казакбаев эмнеге ордунан алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, депутаттар ага ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

"3-апрелде фракциянын кезексиз жыйыны болуп, лидерликке жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдүм. Депутаттар бир добуштан колдоп беришти, фракция коллегиялдуу орган", — деди эл өкүлү.

Ал эми "Руслан Казакбаев лидерликтен эмнеге алынды?" деген суроого "депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөттү" деп жооп берди.

Тема боюнча

Бабановдун үзөңгүлөшү "Республика — Ата-Журттун" жетекчилигинен кетти
Мадумаров: саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу
Белгилер:
Республика Ата-Журт СП, Жыргалбек Турускулов, Руслан Казакбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ