09:21 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
256 0 0

Бүгүн "Республика — Ата-Журт" фракциясынын кезектеги жыйыны болду

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын мүчөсү Табалды Тиллаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 3-апрелде "Республика — Ата-Журт" фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, Казакбаев фракциянын жетекчилигинен кетерин айткан.

"Анын ордуна жаңы лидер болуп Жыргалбек Турускулов келди, ал эми Казакбаев депутаттык ордунда кала берет", — деди Тиллаев.

Экс-лидер Бабановдун үзөңгүлөштөрүнүн бири, ал премьер-министр кезинде Казакбаев Тышкы иштер министри болгон. Бабанов шайлоодон кийин фракция лидерлигинен баш тартканда, анын ордуна келген.

Тема боюнча

Бабановдун ордуна депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев ант берди
Белгилер:
фракция, Республика Ата-Журт СП, Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабанов, Жыргалбек Турускулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ