Исаков Мамлекеттик матрезервдер фондусунун төрагасын кызматтан алды

Жазылуу
Анарбаев бул кызматка 2016-жылдын декабрь айына дайындалган

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы Гуламжан Анарбаев кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө атка минерди кызматтан алуу боюнча буйрукка премьер-министри Сапар Исаковдун кол койгондугу айтылат.

Анарбаев бул кызматка 2016-жылдын декабрь айына дайындалган.

Sputnik Кыргызстан кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, аткаминерлер өзүнүн министрлик кызматынын тарыхында канча сөгүш, эскертүү алгандын иликтеп чыкты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0