Прокуратура: Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2 жыл мурда токтотулган

© Фото / Пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Нурлан Сулайманов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол койгон деп айыпталган

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 2016-жылы эле токтотулганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, экс-депутат транспорт жана байланыш министри болуп турганда Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"2014-жылы 22-апрелде Сулаймановга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен аны камакка алуу чечими чыгарылып, издөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта.

Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сен кайдасың бул күндө… Чет жактан "бакыт тапкан" экс-жетекчилер
2016-жылы 6-апрелде бул кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жиберилип, 2016-жылы 22-апрелде кылмыш ишинин мөөнөтү аяктагандыктан токтотулган. Ошондой эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Сулаймановго жарыяланган издөө дагы токтотулган.

Ал эми 2016-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0