Атамбаев ТЭЦ тендери, Сапар Исаков жана "Райым миллион" туурасында айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗакрытое заседание фракции СДПК
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Сапар Исаковдун коомчулук көңүлүн бурган кадрдык бир кадамына кайрылды

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев брифингде ТЭЦтеги авария жана өкмөт башчы Сапар Исаков тууралуу айтып жатып, жылуулук борбору боюнча тендер Сооронбай Жээнбековдун учурунда жасалган деп билдирди.

Ал ТЭЦ маселеси башталган кеп-сөз премьер-министр Сапар Исаковго тийгенине токтолду.

"ТЭЦтин тендери Жээнбековдун өкмөт башчылыгы учурунда өткөрүлгөн. Тендер адатта ар бир жылдын сентябрь айына жүргүзүлүп келет", — деди Атамбаев.

Азыркы премьер-министр коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган кадрдык бир маселеге кайрылды.

ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Асылбек Жээнбеков кыйын жигит, бирок президентке зыяны тиет
"Исаков Райым Матраимовду кызматтан алып, талуу жерине тийип алды. Эгерде коррупция менен күрөшүү керек десең, "Райым миллион" сыяктуу өң тааныштарың болбошу керек", — деди экс-президент.

КСДП — Кыргызстандагы ири саясий бирикмелердин бири. 1993-жылы 1-октябрда Атамбаевдин демилгеси менен түптөлгөн. Партиянын соңку 17-съезди 2018-жылдын 31-мартында өттү.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДПнын съезди өтүп, Алмазбек Атамбаев саясий бирикменин төрагасы болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0