Атамбаев: Асылбек Жээнбеков кыйын жигит, бирок президентке зыяны тиет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив
ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курултайга президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов чакырылган эмес.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Асылбек Жээнбеков кыйын жигит, партия, жалпы өлкө үчүн жакшы иштеп берди. Бирок президенттин бир тууганынын парламентте отурушу өлкө башчынын өзүнө эле кедергисин тийгизет. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын съезди өтүп, ага Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов чакырылган эмес.

"Асылбек Жээнбеков үч жолу депутат, эки жолу ЖК төрагасы болду. Эми Сооронбай Жээнбеков президент болуп келди. Бир тууганынын парламентте отурушу азыр болбосо да кийин кедергисин тийгизет. Көрөсүңөр. Мандатын тапшырып бериши керек. Асылбек иним мени туура түшүнөт деп ойлойм", — деди Атамбаев.

Буга чейин өз сөзүндө экс-президент учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0