Тазабек Икрамов: KG сериясындагы номерлердин эмнеси жаман

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Тазабек Икрамовдун аривдик сүрөтү
ЖК депутаты Тазабек Икрамовдун аривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Тазабек Икрамов эл менен жолугууга барганда алар ким келгенин билбей жатканын айтып, KG номерлерин кайтарууну сунуштаган

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов KG сериясындагы номерди кайтаруу демилгесинен улам болуп жаткан чуру-чууга таң калганын билдирди.

Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл менен жолугушуу үчүн аймактарга барганда аларга ким келгенин билбей жатканын жана эл өкүлдөрү жолдо баратканда эч ким тоскоолдук кылбашы керектигин айткан.

Икрамов KG-номерлерин кайтарууну же өкмөттүн мүчөлөрү да катардагы мамлекеттик номерлер менен жүрсүн деген ультиматум койгон.

"Эмнеси жаман? Парламенттик өлкөдө жашап жатабыз деп айтабыз, бирок чынында андай эмес, өкмөттө андай номерлер бар да, парламентте жок. Андыктан мен ушундай ультиматум койдум. Бул номерлер кимге жолтоо болуп жатат? Тескерисинче, журналисттер менен эл депутаттар эмне иш кылып жатканын жакшы билип турат. Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок", — деди депутат.

KG унаа номерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын KG номерди кайтаруу демилгеси мыйзамдуубу? Юристтин жообу
Ал ошондой эле бул номерлер башка мамлекеттен келген депутаттарды тосуп алууда керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 3-февралда Жогорку Кеңешке (120 номер) жана өкмөткө (23 номер) таандык KG сериясындагы 143 комплект мамлекеттик номер жок кылынган. Буга чейин өкмөт жолдо жүргөн бардык жарандардын укугу бирдей болушу керектигин айткан. Андан сырткары 2014-жылы күзүндө Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, депутаттар кызматтык автоунаадан баш тартышкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0