00:35 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
18220

Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу боюнча Улуу Британиянын эксперттери менен жолукту

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугуп, анда Кыргызстандагы жол коопсуздугун жогорулатуу талкууланды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугуп, анда Кыргызстандагы жол коопсуздугун жогорулатуу талкууланды
    Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугуп, анда Кыргызстандагы жол коопсуздугун жогорулатуу талкууланды
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Жолугушууга Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит да катышты
    Жолугушууга Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит да катышты
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Премьер-министр ошондой эле өкүнүү менен белгилегендей, өкмөт Акылдуу шаар долбоору боюнча инвесторлор менен болгон келишимден чыгууга аргасыз болду, буга байланыштуу долбоорду мындан ары өз күчү менен ишке ашырууну пландаштырууда.
    Премьер-министр ошондой эле өкүнүү менен белгилегендей, өкмөт "Акылдуу шаар" долбоору боюнча инвесторлор менен болгон келишимден чыгууга аргасыз болду, буга байланыштуу долбоорду мындан ары өз күчү менен ишке ашырууну пландаштырууда.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугуп, анда Кыргызстандагы жол коопсуздугун жогорулатуу талкууланды

Жолугушууга Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит да катышты.

"Премьер-министр ошондой эле өкүнүү менен белгилегендей, өкмөт "Акылдуу шаар" долбоору боюнча инвесторлор менен болгон келишимден чыгууга аргасыз болду, буга байланыштуу долбоорду мындан ары өз күчү менен ишке ашырууну пландаштырууда", — деп жазылган маалыматта.

EASST директору Эмма Мак Леннандын айтымында, КРдин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен аталган маселе боюнча учурдагы абалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жолугушуу өткөрүлгөн.

Анын пикиринде, биринчи кезекте иштин артыкчылыктарын белгилеп, Бишкек шаарындагы кооптуу деп саналган кесилиштерди аныктоо зарыл. Ал маалымдагандай, EASST тарабынан талдоонун жыйынтыгында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тийиштүү сунуштамалар берилет.

Эмма Мак Леннан кыргыз өкмөтүнө аталган маселе боюнча консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Анын айтымында, EASST консультанттары – жол коопсуздугу боюнча алдыңкы эксперттерден, ошондой эле ар кыл мамлекеттердин ички иштер органдарынын мурдагы жетекчилери болуп саналат.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчиси Робин Орд-Смиттин айтымында, EASST – көз карандысыз уюм жана дүйнөнүн 14 өлкөсүндө ийгиликтүү иш алып барууда. Аталган уюм жалпысынан жол жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу маселесине адистешкен.

"Акылдуу шаар" — өлкө жолдоруна видеокамералар орнотула турган система буга чейин кытайдын Huawei компаниясы менен ишке аша турган болуп, бирок өкмөт мындан бир нече күн мурда ал келишимден чыгууну чечкен.

Тема боюнча

Исаков Дубайдын "акылдуу шаар" долбоору менен таанышты. Премьерди коштоп баргандар
Белгилер:
Сапар Исаков, жол коопсуздугу, "Акылдуу шаар" долбоору

ЭҢ МААНИЛҮҮ