Аида Салянова Жогорку Кеңеште кесиптештери менен коштоштубу?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салянова эки жыл депутат болуп иштегенин, бул убакытта чоң тажрыйба топтогонун билдирди

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Депутат Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалады.

Ал коррупция менен күрөшүү максатына жетпей, сот менен прокуратура биргелешип саясий тапшырманы аткарып жатканын айтты. Ошондой эле ага карата коюлуп жаткан айыптоолор далили жок болсо да, фактылар бири-бирине карама-каршы келгенине карабай сот жогору жактын буйрутмасын аткарып жатканын билдирди.

"Коррупция менен күрөшүү бүгүн максатына жеткен. Мен эле эмес, көптөгөн укук коргоо органдарында иштеген адамдардын мээнети таланып, тонолду. Коррупция менен күрөшүү мыйзам алдында бардык киши бирдей болгондо гана максатына жетет", — деди ал.

Сөзүнүн аягында депутат болуп эки жыл иштегенин белгиледи.

"Эки жыл депутат болдум. Бул убакыт мен үчүн абдан чоң тажрыйба болду. Барыңыздарга ийгиликтерди каалайм. Сиздер менен үзүрлүү иштегениме кубанычтамын", — деди ал.

Эл өкүлү демилгелеген бир нече мыйзамдары кабыл алына электигин, кесиптештеринен ошол мыйзамдар менен долбоорлорду колдоп берүүсүн өтүндү.

Айыл тургунду. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: 4 эле депутат бир айылдын жашоосун бир нече жылга "тоңдуруп" кое алат
Белгилей кетсек, 7-февралда Бишкек шаардык соту эл өкүлү Аида Саляновага карата өкүм чыгарып, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу. Ага ылайык, депутат мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Салянованын кичүү баласы 14 жашка чыга электигинен улам жаза өтөө мөөнөтү жылдырылган.

Депутат юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

Шаардык соттун чечими Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0