Курманбек Дыйканбаев президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

Жазылуу
Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев парламенттин жыйынында маалымдады.

Ал депутаттарды президент Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү Жарлыгы менен тааныштырды.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0