20 миң сомдук айып! Интернетке сын жазуудан мурда мыйзам долбоор менен таанышыңыз

© AFP / GERARD JULIENFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сактыкта кордук жок! 20 миң сом айыпка жыгуу демилгеси тууралуу эмнелерди билүү керек

Бүгүнкү күндө дээрлик баарыбыз интернет колдонуп келебиз. Бактыга жараша Кыргызстанда эркин пост жазып, каалагандай комментарий калтырсак болот. Бирок жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирсе баары өзгөрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштаган мыйза долбоору колдоо тапса интернеттеги негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салынат. Аталган норманы камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде дүйшөмбү күнү каралып, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен жактырылды.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылгандай, мында жарандын беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү жүзөгө ашыруунун жолдору көрсөтүлгөн.

Ага ылайык:

— Моралдык зыянды компенсациялоо үчүн минималдуу сумма 20 миң сомдон төмөн болбоого тийиш;

— Кечирим сураган макала жалпыга жеткиликтүү мүнөздө (социалдык тармактарда пайдаланылган "өзү үчүн" же "достору үчүн" эмес) болушу кажет;

— Интернетте төгүнгө чыгарган маалымат бир айдын аралыгында же сот чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпыга жеткиликтүү болушу керек. Аны алып салууга, жарыяланган дарегин алмаштырууга болбойт;

— Шек келтирген маалыматтар канча сайтка жазылган болсо аны жокко чыгарган маалыматта ошончо сайтка жазылышы кажет;

— Эгерде төгүндөөнү жарыялоого мүмкүн болбой калса анда 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилет;

— Гезитке жарыяланган туура эмес маалыматты төгүндөө үчүн маалымат канча нускага басылган болсо ошончо нускада кайра төгүндөөнү камтыган гезит чыгаруу керек болот;

— Теле жана радиодо сот чечими күчүнө кирген күндөн баштап 24 сааттын ичинде же сот тарабынан белгиленген башка мөөнөттүн ичинде ар бир сааттын башталышында төгүндөө маалыматы жаңырып турушу тийиш.

Ал ортодо аталган мыйзам долбоору кызуу талкууну жаратып, интернет колдонуучулар депутаттын сунушун кескин сынга алууда. Айрымдар сөз эркиндигин чектөө аракети болуп жатат десе, калгандар демилгени колдоп жатышат.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов мыйзам долбоорун колдогондордун бири. Эл өкүлү демилге жалган маалыматтарды жазгандарга тиешелүү экенин айтты.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов

"Журналисттер сөздүн маңызын бурмалабай туура чыгарса жакшы болмок да. Бул жерде сөз эркиндигине чектөө болгон жок. Ушак, адамдын беделине шек келтирген маалыматтарды таратуу туура эмес. Факт менен жазыш керек. Мында жалган маалыматтарды тараткандар жоопко тартылсын деп жатат. Бул туура эле", — деди Икрамов.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов демилгени коомчулуктун талкуусунан өткөрүү керек деген ойдо.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Улан Примов
Депутат Улан Примов - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов

"Бул мыйзам долбоору менен толук таанышып чыккан жокмун. Бирок мыйзам иштейби же иштебей калабы аны да унутпашыбыз зарыл. Менимче коомчулук тараптан, бей өкмөт уюмдар тарабынан талкуу болуп, бир чечимге келүү керек. Ошондо туура болот. Бул мыйзам долбоорун кылдат карап чыгуу керек деп ойлойм", — деди Примов.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров болсо интернет эркин мейкиндик экендигин, ал жакта жарандар өз ойлорун ачык айтаарын билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров
Депутат Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров

"Негизи интернет массалык маалымат каражаттарына кирбейт. Андыктан интернеттеги ой-пикирлерге айып салуу туура эмес болуп калат. Менин жеке пикиримде, интернет эркин мейкиндик, ал жакта жарандар ойлорун эркин жазат. Эгерде бир тараптуу каралоо болуп жатса аны мыйзам боюнча жазаласа болот", — деди Бакиров.

КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева мыйзам чийки деген пикирде.

© Фото / Алишер АлиевКСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева
Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева

"Бул жерде эки маселе каралып жатат. Адамды интернетте жамандап жазса аны актоо боюнча өзгөртүүлөр жана моралдык компенсациянын минималдык өлчөмү. Негизи мыйзам чийки деп эсептейм. Бул сөз эркиндигине тиешелүү маселелер болгондуктан этият болушубуз керек. 20 миң сом деп чектөө койсок соттордун эмне кереги бар? Биздин акыбалды эске алганда абдан коркунучтуу жагдай жаралат. Баарыбыз эле facebook, twitter аркылуу төгүндөө жазып жашап калабыз го", — деди Касымалиева.

Ал эми аталган мыйзам долбооруна корутунду жазган "Медиа полиси" институтунун директору Бегайым Усенова моралдык зыян үчүн минималдык сумманы 20 миң сом деп коюу туура эмес деген пикирди карманат.

"Биздин уюм бул мыйзам долбоору боюнча юридикалык корутунду жазганбыз. Негизи моралдык зыян үчүн акча өндүрүү ар иште ар башка болот. Ар биринин өзгөчөлүгү бар. Адамга тийгизген моралдык зыянына жараша сот чечиши керек. Дастан Бекешев чыгашаларды эсептеп (адвокат жалдоо ж.б.) туруп, 20 миң деп жатат. Бул моралдык зыян үчүн төлөнчү компенсация эмес, бул чыгым. Адамга канчалык деңгээлде моралдык зыян келгенин сот гана чечет", — деди Усенова.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы 1000ден ашык окурманы бар интернет-сайттар менен баракчалардын (блоггер) ээлерине анда жайгашкан маалыматтардын тактыгын көзөмөлдөө милдетин жүктөгөн мыйзам долбоор талкууга коюлган. Бирок коомчулукта "демилгенин пайдасынан зыяны көп" деген пикирлер арбын болгондуктан мыйзам долбоору кайра чакыртып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0