Мыйзамды ким бузду? Түштүк Кореядагы элчиби же Тышкы иштер министрлигиби

© Фото / пресс-служба ЖКПосол Кыргызстана в Малайзии Кылычбек Султанов
Посол Кыргызстана в Малайзии Кылычбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинен келген катты Facebook баракчасына жарыялап, ал кызуу талкууга жем таштады

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан 9-февралда өзүнүн Facebook баракчасына КР Тышкы иштер министрлигинен келген каттын сүрөтүн жарыялады. 

"Элчилик аэропорттон маанилүү жана башка кишилерди тосуп алуу менен алектениши керекпи? Депутаттар менен коомчулук бул маселени бир нече жолу көтөрүшкөн. Бирок…" деп жазган дипломат.

Катта Кыргызстандан келе жаткан эки офицерди Инчхон шаарындагы аэропорттон тосуп алууга көмөк көрсөтүү буйругу жазылган.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев элчинин мындай кадамы мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды бузгандык болуп саналарын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Крушение самолета АН-148 в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан
Элчилик Подмосковьеде кулаган учакта КР жарандарынын бар-жогун тактады
"КР куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын подполковниги менен майору эки мамлекеттин ортосундагы келишим боюнча Корея өкмөтүнүн чакыруусу менен стажировкага барышкан. Алар окууга бара жатат деп жазылганы менен расмий түрдө бара жатышкан. Башкы штабдын жетекчи орун басары бизге кат түрүндө кайрылгандыктан биз элчиликке көмөк көрсөтүп койгула деп жазганбыз", — деди ал.

Азымбакиев ошондой эле элчи Султан министрликтин ички каттарын уруксаты жок сайттарга чыгарганы туура эмес экенин кошумчалады.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Кыргызстандын чет жактагы элчиликтери менен консулдуктарынын ишмердиги "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөгү" мыйзам, "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндөгү" жобо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндөгү президенттик жарлыгы менен жөнгө салынарын билдирди.

"Дипломатиялык мыйзам боюнча дипломатиялык кызмат органдарынын ишин Тышкы иштер министрлиги тескейт", — деди Азымбакиев.

Ал ошондой эле министрлик аталган окуя боюнча расмий билдирүү таратарын белгиледи.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан "мекеменин ички иштерин коомчулукка жарыялабаш керек" деген пикир боюнча өз оюн Sputnik Кыргызстан агенттигине айтты.

FIFA 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол чемпионаты учурунда Россия шаарларында КР жарандары үчүн штаб иштейт
"Мен эч кандай мамлекеттик сырды жайып жаткан жерим жок. Тескерисинче, мамлекеттик мекеменин ишинде орун алып жаткан мүчүлүштүктөрдүн жоюлушуна кызыкдармын. Мен айткан маселелер айлап, жылдап чечилбей жатканы үчүн гана аргасыздан ачык айтып чыктым. Чындыгында Тышкы иштер министрлигинин уюштуруу иштеринде мүчүлүштүктөр бар. Бир эле мисал, бизде жарым жылдан бери бухгалтер дайындала элек. Жумуш орду бар, бирок жарым жылдан бери конкурс жарыяланып, татыктуу адамды жумушка алышкан эмес. Бухгалтердин ишин дипломат аткарып жатат. Бул дагы элчиликтин эффективдүү иштешине залакасын тийгизип жаткан факторлордун бири. Балким бул кызматтын айлык акысы жакшы болгондуктан ТИМдин кайсы бир жооптуу кызматкери атайылап ушундай жагдайды жараттыбы деген да күмөн саноом бар. Буга окшогон ички маселелер бир топ. Коомчулукка жаюуга мүмкүн болбогон, тартип коргоо органдары териштире турган жагдайлар да бар. Азыр менин кабарым жок, балким тартип коргоо органдары бул иштерди териштирип баштагандыр", — деди ал.

Кылычбек Султан Түштүк Кореядагы элчиликте өзүн кошкондо беш киши иштей турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кылычбек Султан Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп былтыр октябрь айында дайындалган.

Ал 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0