Араб эмирлигинде кыргыз-индия мамилелери талкууланды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында премьер-министр Сапар Исаков Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен жолугушту
Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында премьер-министр Сапар Исаков Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубай шаарында өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити өтүп жатат

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында премьер-министр Сапар Исаков Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен жолугушканын кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, саммит 10-февраль күнү башталган.

Всемирный саммит правительств в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Дубай полициясына суктанган Сапар Исаков, оозду ачырган "Көз" долбоору
Жолугушуу учурунда Сапар Исаков менен Нарендра Моди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу маселелерине токтолушту.

Исаков Кыргызстан көп тармакта, анын ичинде Индия өлкөсү бай тажрыйбага ээ болгон саламаттык сактоо менен туризм жаатында иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Моди өз кезегинде Кыргызстанга болгон сапарын жылуу маанайда эскерип, эки өлкө ортосундагы алаканы мындан ары да жакшыртууга даяр экенин белгилеп өттү.

Дубайлык компания Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун курууну пландап жатканы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0