Сапар Исаков Дубайга учуп кетти. Максаты кандай?

Жазылуу
Өкмөт башчысы саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков  өкмөттөрдүн  дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн Бириккен Араб Эмирлигине жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Исаков эмираттын мураскер канзадасы Эль-Фуджейра Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Абу-Дабинин өнүктүрүү фондусунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди жана Investment Corporation of Dubai корпорациясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

"Өкмөт башчы ошондой эле Emaar Properties компаниясыны башчысы Мохамед Али Алаббар, Дубай эмиратынын полициясынын башчысы генерал-майор Абдулла Халифа Аль Марри, VPS Health Care компаниясынын башчысы Шамшир Ваялил, Air Arabia авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али жана Дубай эмиратынын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль Гурейр менен жолугат", — деп айтылат маалыматта.

Исаков саммиттин алкагында жергиликтүү полициянын иши, укук коргоо органдары тарабынан колдонулуп жаткан алдыңкы технологиялар менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0