Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн башчылары бир катар маселелерди талкуулаган

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев бүгүн, 7-февралда телефон аркылуу сүйлөшүп, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулаганын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар мамилелерди мындан ары да арттыруу, келишимдерди аткаруу жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында карым-катнашты илгерлетүү боюнча пикир алышкан.

Ошондой эле күн тартибиндеги аймактагы жана дүйнөлүк актуалдуу маселелер талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0