Алматыда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын соңунде бир катар документтерге кол коюлат

АЛМАТЫ, 2-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана "Глобализация доорунда санариптик чакыруу" форумуна катышууда.

Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Душанбеге барды. Кол коюлган документтер
Ага уюмга мүчө мамлекеттин өкмөт башчыларынан тышкары Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зокирзода Маxмадтоир Зоир катышат.

Өкмөт башчылар тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта жолугушат. Өкмөт башчылары интеграциялык биригүүнү өнүктүрүү маселесин жана анын нормативдик-укуктук базасын жакшыртууну талкуулашат. Ошондой эле күн тартибине трансчек аралык рыноктогу атаандаштыктын эрежелери, агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташуу маселелери бар. Андан сырткары, уюмга мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык абалга жана өз ара сооданын абалына анализ жасоо пландалган.

Аталган жыйындын алкагында Сапар Исаков Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландалган.

Алматыдагы жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0