Кыргызстандын президенти Душанбеге барды. Кол коюлган документтер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан
Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолуугушуу учурунда кыргыз-тажик тарап 9 документке кол койду

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Душанбеге болгон расмий иш сапарынын алкагында тогуз документке кол коюлду.

Эки президент бирдиктүү билдирүү жасагандан кийин документке кол коюшкан.

Андан башка дагы сегиз документке кол коюлган:

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу программасы;

КР өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Тажикстандын экономикалык кылмыштуулукка каршы агенттигинин ортосундагы кызматташуу;

Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстандын президентинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматташуусу;

КР саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстандын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрликтеринин саламаттык тармагындагы кызматташуусу;

КР тышкы иштер министрлиги менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматташуу программасы;

КРдин маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан өкмөтүнүн теле жана радио берүү комитетинин ортосундагы кызматташуу;

Эки өлкөнүн аймагында жарандардын жүрүшү боюнча өкмөттөр аралык келишим;

Баткен менен Согдий облустарынын 2017-2020-жылдар аралыгында достук мамилелерин чыңдоо программасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0