Айбек Калиев менен ТЭЦ жетекчиси канча маяна алары айтылды

Жазылуу
Парламентте ТЭЦтеги катардагы жумушчулардын маяналары дагы айтылды

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" жетекчиси Айбек Калиев депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып, 39 миң сом айлык аларын билдирди.

Шаршембиде, 31-январь күнү Сапар Исаков менен өкмөттүн мүчөлөрү ТЭЦтеги кырдаал боюнча отчет берүү үчүн парламентке келишти. "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев премьер-министрдин отставкага кетүүсүн талап кылды

Эл өкүлү Аида Касымалиева ТЭЦтин жетекчиси менен катардагы энергетиктердин маянасына кызыкты.

"Мен 39 миң сом алам. Ал эми ТЭЦтин жетекчисинин айлыгы 27 миң сом. Буу казандарда иштегендер эң аз дегенде 16-17 миң сом алышат", — деди Калиев.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат
Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

30-январь күнү таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин  "Улуттук энергетикалык охолдинг компаниясы" ААКтын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 30-январдан тарта көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар жылып баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0