Жээнбеков Тажикстанга барат. Кимдер менен жолугуп, кандай маселелер талкууланат?

Жазылуу
Өлкө башчы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, премьер-министри жана парламенттин төрагасы менен жолукмакчы.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда расмий иш сапары менен Тажикстандын борбору Душанбеге барат. Бул туурасында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, премьер-министри жана парламенттин төрагасы менен жолугат.

"Негизги маселелердин бири катары экономика жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Ооба, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өсүп жатат. 2017-жылдын январь-октябрь айларында өткөн жылга салыштырмалуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 29 пайызга өсүп, 30 миллион долларды түзгөн. Анткен менен бул биздин потенциал үчүн аздык кылат", — деди Субакожоева.

Кыргыз тарап бизнесмендерге Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эркин экономикалык аймактардын мүмкүнчүлүктөрүнө байкоо салууну сунуштайт.

Ошондой эле иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана гуманитардык жактан кызматташуу тууралуу да сөз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0