Бабановдун ордуна депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев ант берди

© Фото / пресс-служба ЖКӨмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев
Өмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал көп жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп иштеген

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев ант берди.

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Абдыбек Дюшалиев
Депутат ЖК Абдыбек Дюшалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Абдыбек Дюшалиев

Ант берүү аземинен кийин спикер Дастанбек Жумабеков жаңы депутатты куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Кортеж автоунаасындары Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент, премьер жана төрага жумушка канчада келип, канчада кетет
Абдыбек Дүшалиев бир нече жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп иштегени маалым.

Үстүбүздөгү жылдын 19-январда Боршайком Бабановдун өз ыктыяры менен мандаттан баш тартуу боюнча арызын карап, аны канааттандырган.

Эске салсак, 2017-жылы 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин "Конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо" жана "Улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0