Финляндия Кыргызстанга өз элчисин дайындады

© Фото / пресс-служба МИД КРФинляндиянын Кыргызстандагы элчиси Микко Кивикоски тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу учурунда
Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Микко Кивикоски тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда кыргыз-фин мамилелеринин келечеги талкууланган

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Микко Кивикоски тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кодекс чыры: өкмөттүн ЕАЭБ боюнча бөлүмү толук иштен кетти
Абдрахманов Кивикоскини бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ошондой эле эки өлкөнүн байланышын чыңдоого өз салымын кошоруна ишенерин айтты.

Жолугушуу учурунда кыргыз-фин мамилелеринин келечеги талкууланды. Андан сырктары, Финляндиянын "Кеңейтилген Европа демилгелери" программасынын алкагында түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча пикир алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0