Санжар Муканбетов вице-премьерликке дайындалды

Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка президент кол койду

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Белгилей кетсек, 10-январда Жогорку Кеңеш Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьерликке жактырган. Ал буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0