Тынбай алмашкан вице-премьерлер. Эмнеге, кантип жана качан?

Жазылуу
Учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун төрт орун басары болот

БИШКЕК,10-янв. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеш Санжар Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьерлик кызматка бекитти. Өкмөт башчынын дагы бир орун басары кызматка дээрлик отурду, эми болгону президенттин Жарлыкка кол коё турганы гана калды.

Анын талапкерлигин депутаттардын 98и колдогону менен добуш берүүдө кайчы пикирлер жаралып, бул кызматтын өзүнө нааразы болгондор ойлорун билдиришти.

Sputnik Кыргызстан вице-премьерлик кызматтардын тарых-таржымалына көз жүгүртүп, аны менен кошо бир канча тараптын пикирин укту.

Үч-төрт

2010-жылдан тарта Кыргызстанда вице-премьерлер (биринчи орун басарды кошо алганда) тез-тез алмаштырылып турду.

Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү (2010-2011-жылдар) — үч вице-премьер: биринчи вице, экономика жана күч түзүмү боюнча орун басар;

Өмүрбек Бабановдун өкмөтү (2011-2012-жылдар) — үч вице-премьер: биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басар;

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кодекс чыры: өкмөттүн ЕАЭБ боюнча бөлүмү толук иштен кетти
Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү (2011-2012-жылдары) — алгач үч вице-премьер болгон: биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басар. Кийинчерээк ага тартип коргоо органдары жана чек аралар боюнча вице кошулду;

Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү (2014-2015-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

Темир Сариевдин өкмөтү (2015-2016-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

2015-жылдын ноябрынан тарта үч вице-премьер калды: алар биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басарлар эле;

Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү (2016-2011-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

Исаковдун өкмөтүндөгү вице-премьерлердин башаламандыгы

Участники мероприятия - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин сунуштоодо
Сапар Исаковдун өкмөтү 2017-жылдын август айындагы бекитилген. Курамы боюнча төрт вице-премьер каралган: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча премьердин орун басары; 1,5 жылга жетпеген мезгилде вице-премьерлердин деңгээлинде да бир канча орун алмаштыруулар болду. Муканбетовду эсептей келгенде премьер Исаков ушуну менен жетинчи орун басарлуу болду. Буга чейин күч түзүмүн жетектеген Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапты. Өкмөттөгү дагы бир вице Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна Дайыр Кенекеев келди. Ал эми биринчи вице Толкунбек Абдыгулов кызматынан жөнөкөй вицеликке түшүп, анан кайра Улуттук банкты жетектеп кетти. Мукамбетов эми анын ордуна келип отурат.

Өкмөттөгүлөр кимиси кайсы тармакка чегилген?

Праламент бүгүн Мукамбетовдун талапкерлигин карап жатканда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков биринчи вице Аскарбек Шадиевге кайрылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков

"Мукамбетовдун кесипкөйлүгү туурасында кеп жок, аны Экономика министрлигине алып барсаңар болмок. Кеп башкада. Биз күздөн бери эле жалаң вицелерди шайлап келе жатабыз, бири жылып кетет, бири жыдып кетет, бири качып кетет, бири басып кетет. Эл эмес, биздин башыбыз айланып калды. Ким кайсы тармакты тейлейт?" — деп суроо узатты Момбеков.

Буга жооп берген Шадиев күч түзүмдөрү боюнча тармакты Исаков өзү жетектей турганын айтты.

© Фото / пресс-служба ЖКБиринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев
Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев

"Бүгүнкү күндө социалдык багыт боюнча Чолпон Султанбекова. Аймактык жалпы өзгөчө кырдаал жана чек аралар, өнүгүү боюнча Дайыр Кенекеев, реалдуу сектор боюнча мен (Аскарбек Шадиев – ред.), ал эми укук коргоо органдары боюнча премьер-министр өзү тейлеп жатат. Мурдагы коллегабыз Абдыгуловдун милдети –киреше, чыгаша, банк тармагы болчу ", — деди Шадиев.

КСДПнын дагы бир депутаты Искендер Матраимов вице-премьерлер менен министрлерди кандай критерийлердин негизинде тандап, аныктайсыңар деген суроо узатты.

Шадиев аны премьер өзү чечерин айтты.

"Илгери премьер-министрлер токтобосо, азыр кезек вицелерге жетти. Ар бир айда бирден алмашып жатат. Санжар Турдугожоевич, сиз өзүңүз канча айга келдиңиз", — деген суроо берди. Ага Мукамбетов "иштейли деп келдик" деген жообун узатты.

Пленардык жыйында ал кайра иштетүү өнөр жайы боюнча тармакты тейлерин айтты.

Өкмөткө төртүнчү орун басар керекпи?

Ушул эле жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов ал жыйында вице-премьерлер жардамчысы менен эле айдоочусун башкара аларын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
"Алар министрлерди кызматынан алып же дайындай албайт. Болгон бийлиги — депутаттар менен министрлерге тапшырма бергени. Вице-премьерлердин санын кыскартып, бир министрликти да бериш керек. Маселен, экономикалык өнүгүү боюнча вице-премьер бир учурда эле Экономика министрлигин жетектесе. Ошондо реалдуу ыйгарым укуктары пайда болот эле", — деген оюн айтты Бекешов. 

Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев депутаттардын жааган суроолоруна жооп берип жатып, болочоктогу кесиптешине сөз тийгизгиси келген жок.

"Мен да мурда парламентте отурганда төрт вице-премьер көптүк кылат деген пикирде элем. Бирок иш жүзүндө өкмөттүн иши абдан көп, эртең мененки саат 8.30-9.00дан тарта түнкү 11ге чейин иштейбиз. Күнүнө 6-7 жыйын өтөт", — деди Шадиев.

Ал мурда 4-вице күч түзүмдөрү үчүн керек болсо, ал азыр өлкөнүн өнүгүшү үчүн экономикалык багытка зарыл болуп жаткандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0