Калыкбек Султанов Сапар Исаковго кеңешчи болду

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койгон

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Калыкбек Султановду өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү жарлыкка Сапар Исаков кол койгон.

Белгилей кетсек, Калыкбек Султанов буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0