Бажы кодекс чыры: өкмөттүн ЕАЭБ боюнча бөлүмү толук иштен кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиновниктер "ЕАЭБдин бажы кодекси боюнча келишимди ратификациялоо" жөнүндө мыйзам долбоорду даярдоодо ката кетиргени үчүн сөгүш алышкан

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Өкмөт аппаратынын ЕАЭБ боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Уметалиев менен кошо бөлүмдө иштеген беш кызматкер өз арыздарынын негизинде иштен кетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттөн билдиришти.

Уметалиевдин кызматынан бошотулушу боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Уметалиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин өкүлү, өкмөт аппаратынын ЕАЭБ иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары иштеп келген.

Буга чейин Сапар Исаков "ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялаган. Алардын катарында экономика министри Артем Новиков, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов сөгүш алса, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, бажы кызматынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланган.

Ошондой эле өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери анын ичинде Уметалиев кызматтан алынганы айтылган.

Сөгүш "ЕАЭБдин бажы кодекси боюнча келишимди ратификациялоо" жөнүндө мыйзам долбоорду даярдоодо ката кеткени үчүн жарыяланган.

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы коргоо министри генералдык чининен ажырап, 5 млн. сом айыпка жыгылды
Тагыраагы, Кыргызстанда аталган мыйзам биримдикке мүчө болгон башка өлкөлөр менен кошо 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек болчу. Бирок Кыргызстандын документинде "15-январдан тарта күчүнө кирсин" деп көрсөтүлүп калганын өкмөт моюндап, Жогорку Кеңештен өзгөртүүлөрдү кабыл алууну суранган. Буга ылайык өткөн жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, кодексти кабыл алышкан. Муну менен катар ката кетиргендердин жоопкерчилиги каралашы керектигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0