Мурдагы коргоо министри генералдык чининен ажырап, 5 млн. сом айыпка жыгылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин архивдик сүрөтү
Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таалайбек Өмүралиев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, беш миллион сомду максатсыз короткон

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 22-декабрда мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди генерал-майор чининен ажыратып, беш миллион сом айып салган. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Жоюлуп кеткен коргоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп табылган. Өмүралиев республикалык бюджеттен беш миллион сомду Чарбакер субъектиге берүү боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган.

"Соттолгон Таалайбек Өмүралиев күнөөлүү деп табылып, беш миллион сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле генерал-майор аскер чининен ажырады", — деп айтылат маалыматта.

Өмүралиев Коргоо министрлигин 2011-2014-жылдары башкарган. Аталган министрлик 2015-жылы күзүндө өкмөттүн чечими менен жоюлуп, ордуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0