08:22 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Президент Жээнбеков Казакстанга учуп кетти. Делегациянын курамы

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
82210

Өлкө башчысы казак кесиптеши менен ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу кызматташууну талкуулайт

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапары менен учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугат. Ошондой эле мамлекет башчылары кеңири форматта жолугуп, ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлуп, мамлекет башчылары чогуу билдирүү жасайт.

Жээнбековдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландалган.

Кыргызстандын президентин коштоп баргандар:

Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;

Айзада Субакожоева — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Мухамметкалый Абулгазиев — КР президент аппарат жетекчисинин орун басары;

Дайыр Кенекеев — вице-премьер-министр;

Данияр Аттокуров — Жогорку Кеңештин депутаты;

Алмазбек Эргешов — Жогорку Кеңештин депутаты;

Жамшитбек Калилов — транспорт жана жолдор министри;

Артем Новиков — экономика министри;

Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уларбек Шаршеев — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Нурсулу Ахметова — КР президент аппаратынын финансы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы;

Кайнарбек Токтомушев — Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин милдетин аткаруучу.

Тема боюнча

Жээнбеков Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстанга барат. Талкууланчу маселелер
Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москвага барат
Белгилер:
расмий сапар, Сооронбай Жээнбеков, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ