Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москвага барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-26-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапары менен барат, андан ары Москвага жумушчу сапары менен учат

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москва шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Ага чейин Жээнбеков 25-26-декабрда Астанага расмий сапары менен барат.

"Андан кийин Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Сооронбай Жээнбеков КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышат. Ал жакта эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышуу болот", — деди Субакожоева.

Ал ошондой эле Москвада эки тараптуу жолугушуулар азырынча пландала электигин айтты. Анткени эки мамлекеттин башчысы 29-ноябрда жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0