Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты кайра башкармай болууда

Жазылуу
Улуттук банктын төрагасы өлкө президенти тарабынан сунушталат

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Вице-премьер министр Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты кайтадан башкармай болууда. Аталган кызматка талапкерлигин президент сунуштап, аны Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү жыйынында карай турганын депутат Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Улуттук банктын төрагасын президент сунуштайт. Биздин комитетке сунуш келди. Бүгүн карайбыз", — деди ал.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял председателя Нацбанка Кубанычбека Кулматова - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматын кайрадан Кубанычбек Кулматов жетектемей болду
Абдыгулов менен байлынышканда бул боюнча бардык маселе комитетте чечилерин айтты.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигине дайындалгандан бери анын орду бош калган.

Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты башкарып келген. 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, ал эми ноябрь айынан тарта вице-премьер-министр болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0