Алина Шаикова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болду

© Фото / пресс-служба ГРСФинансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалган Алина Шаикованын архивдик сүрөтү
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалган Алина Шаикованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков департаменттин жаңы жетекчиси өзүнө коюлган милдеттерди натыйжалуу аткараарына ишенерин айтты

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Алина Шаикова Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

"Өкмөт башчы Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Алина Шаикованын финансылык тутумдагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сариева кызматынан бошотулуп, ордуна Алмамбет Салиев дайындалды
Премьер-министр "Таза Коом" улуттук программасын ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү менен өкмөттүн алдында үч негизги маселе: Бишкек жана Ош шаарларына "Акылдуу шаар" долбоорун кийирүү, фискалдык тутумду санариптештирүү жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртуу турарын белгилеген.

Сапар Исаков департаменттин жаңы жетекчиси өзүнө коюлган милдеттерин натыйжалуу аткараарына ишеним артып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0