Муса Жаманбаев президенттик аппаратка кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель көтөргөн адам. Архив
Портфель көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү жарлыкка КР президентинин аппарат жетекчиси Алмазбек Усенов кол койгон

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Муса Жаманбаев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү жарлыкка КР президентинин аппарат жетекчиси Алмазбек Усенов кол койгон.

Жаманбаев акыркы жылдары Жогорку Кеңеш аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүнүн жана протокол бөлүмүнүн жетекчи орун басары, паспорт-виза менен камсыздоо жана протокол кызматынын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0