БШК башчысы депутаттарды айрым партиялардын кызыкчылыгын таңуулады деп сынга алды

Жазылуу
Нуржан Шайлдабекова шайлоо мыйзамына бардык керектүү болгон мыйзам долбоорлору кабыл алынбаганын билдирди

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мыйзамга керектүү болгон айрым түзөтүүлөр Жогорку Кеңештеги депутаттардын каршылыгынан улам кабыл алынбай калганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайыма Нуржан Шайлдабекова коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, партия менен талапкерлерди каржылоонун ачыктыгын мыйзам менен жөнгө салуу керек. Учурдагы механизмдер шайлоо фондуна кайсы булактан акча түшүп жатканын жана анын легитимдүүлүгүн толук түрдө ачык көрсөтө албайт.

"Жалпысынан алганда мыйзамды системалуу түрдө кабыл алуу ийгиликтүү болду, бирок айрым депутаттардын бир партиянын кызыкчылыгын таңуулашы керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жолтоо болду", — деди Шайлдабекова.

Ал мисал катары шайлоочуларды сатып алууга каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорунун кабыл алынбай калганын айтып, тескерисинче шайлоо фондунун чексиз болушу керектиги жөнүндөгү сунуш колдоо тапканын кошумчалады. Бул өз кезегинде бардык талапкерлерге бирдей шарт болсун деген эрежелерди бузганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0