ТүркПАнын Бишкектеги жыйыны аяктады

© Фото / пресс-слжужба ЖКЗаседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке
Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте болгон жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары Өзбекстан ардактуу конок, Венгрия байкоочу катары катышты

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектеги Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын кезектеги отуруму "Ала-Арча" декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Анда уюмга кийинки жылы төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди. Ошондой эле ТүркПАнын башкы катчылыгына Кыргызстандын атынан Алтынбек Мамаюсупов шайланды. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумабеков ТүркПАнын башкы катчысы кантип кызматтан алынышы керектигин айтты
Отурумдун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү башкы катчынын орун басарларын дагы шайлады. Андан сырткары, уюмдун бир катар комитеттеринин жасалган иштери каралып, ТүркПАнын кийинки жылга белгиленген бюджети жактырылды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары Өзбекстан ардактуу конок жана Венгрия байкоочу катары катышты.

Кийинки пленардык отурумду 2018-жылы ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0