10:09 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Стенд седьмой парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) перед началом заседания в Бишкеке

Бишкекте ТүркПАнын VII пленардык жыйыны башталды

© Sputnik / Расул Усеналиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
ТүркПАнын Бишкектеги жетинчи жыйыны (5)
6910

Делегациянын өкүлдөрү КР Жогорку Кеңешинин төрагасы жана өлкө президенти менен жолугушууларды өткөрөт

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жетинчи жыйыны  башталды.

Делегациянын катышуучулары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл чамбар коюшту.

Бүгүнкү жыйында ТүркПАнын башкы катчысы шайланат. Ага Кыргызстандын өкүлү сунушталууда. Ошондой эле башкы катчынын орун басарлыгына Азербайжандан, Казакстандан жана Түркиядан талапкерлер сунушталууда.

Жыйындын жүрүшүндө уюмдун 2018-жылдын жана 2019-жылдын биринчи жарымына карата бюджети кабыл алынат.

Делегация мүчөлөрү бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Жыйында Ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен декларация кабыл алынат.

Белгилүү болгондой, кийинки ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары Өзбекстан менен Түркмөнстан ардактуу конок катары, Венгрия байкоочу болуп катышууда.

Тема:
ТүркПАнын Бишкектеги жетинчи жыйыны (5)

Тема боюнча

Сапар Исаков: жаран катары президентти ЖК шайлашы керек деп ойлойм
Это круто! Кыргызская группа Adem вышла в финал Asia's Got Talant
Белгилер:
жыйын, ТүркПА, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ