Сапар Исаков: жаран катары президентти ЖК шайлашы керек деп ойлойм

Жазылуу
2040-жылы Кыргызстан парламенттик мамлекетке айланышы керек

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат жыйын учурунда парламентаризмдин бекемделишин колдой турганын билдирди.

1-декабрдан тарта премьер-министрдин сөзү өтүмдүү боло баштады. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев 2040-жылы Кыргызстан толугу менен парламенттик башкаруу формасына өтүшү керектигин билдирген.

Исаковго Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кандай көз карашта экени тууралуу суроо узатылды.

"Мен премьер-министр катары эмес, жөнөкөй жаран катары жооп берейин. Президентти парламент шайласын деген ойду колдойм. Бирок бул келечектин иши", — деди Исаков.

Ал ошондой эле президент менен чогуу иштеп, өнөктөш болуу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0