09:47 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Абдулла Ариповдун архивдик сүрөтү

Премьер Исаков өзбекстандык кесиптеши менен телефондон кызматташууну талкуулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
30 0 0

Өкмөт башчылар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы дагы жакшыртуу туурасында кеп кылышкан

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Абдулла Арипов телефон аркылуу эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министрлер эки тараптуу кызматташуу боюнча маанилүү делген маселелерди талкуулаган. Андан сырткары, эки өкмөттүн ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүк менен иш алып баруу жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгилешкен. 

Өкмөт башчылар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы буга чейин сүйлөшүлгөн келишимдин негизинде дагы жакшыртуу туурасында кеп кылышкан.

Тема боюнча

Атамбаевдерди Ташкенттен Шавкат Мирзиёв жубайы менен тосуп алды
Белгилер:
кызматташуу, Абдулла Арипов, Сапар Исаков, Өзбекстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ