Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынына тыкыр даярданууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституцияга ылайык, президент Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алып, кеңештин 2018-жылга карата иш планы, коопсуздук жаатында артыкчылыктуу багыттар жөнүндөгү маалыматтарды укту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоопсуздук кеңештин катчысы Алмазбек Курманалиев
Секретарь Совета безопасности КР Алмазбек Курманалиев - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңештин катчысы Алмазбек Курманалиев

Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү системасын кайра куруу жана жаңы антикоррупциялык механизмдерди киргизүү негизги милдет экенин белгиледи. Буга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысына алдыда өтө турган коррупцияга каршы күрөш маселеси боюнча кеңештин жыйынына бардык даярдык иш-чараларын кылдат иштеп чыгып, кыска аралыкта бүтүрүү тапшырмасын берди.

"Жакын арадагы эң маанилүү маселе – бул укук коргоо органдары жана сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу. Укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлери коррупциялык аракеттерге аралашуусуна жол бербеш керек. Бул мамлекеттик бийликтин коомчулук алдындагы кадыр-баркына доо кетирип, демократиялык өзгөрүштөрдү артка тартып турат", — деди президент.

Жээнбеков өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун баалап турууну "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү керектигине көңүл бурду.

Эскерте кетсек, Баш мыйзамга ылайык президент Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0