Жээнбеков: кыргыз армиясы күчтүү, жакшы жабдылган

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенная обязанность граждан КР
Военная обязанность граждан КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү мындан ары дагы улантыларын билдирди

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар, аскер кызматкерлердин социалдык камсыздоосун жана техникалык жабдуусун жакшыртууга, коргонуу жана тартипти бекемдөөгө багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди. 

© Пресс-служба президента КРПрезидент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял начальника Генштаба ВС Райимберди Дуйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттин тушунда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бир катар жакшы реформалар аткарылганын айтты.

"Азыр кыргыз армиясы күчтүү, жакшы жабдылган, өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө ишеним бар. Аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо, республиканын бардык аймактарында жаңы жана заманбап турак жайларды куруу боюнча жумуштар уланат", — деди Жээнбеков.

Президент мамлекеттик органдардын бардык тармактарында, анын ичинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө дагы коррупция менен күрөш улантылышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0